Жүрүм-турумдардын этикалык нормалары – фольклордо

Авторы

DOI:

https://doi.org/10.71078/g3w15z44

Ключевые слова:

жүрүм-турум, этикалык нормалар, фольклор, тарбия, поэтика, макал-лакаптар, педагогика

Аннотация

Аталган макалада жүрүм-турумдардын этикалык нормаларынын калыптануусундагы фольклордун ролу каралат, андан тышкары авторлор кыргыз жана орус коомунда адеп-ахлактык жана моралдык-этикалык нормаларды калыптандырууда өзгөчө орунда “Манас” сыяктуу баатырдык-эпикалык чыгармалар тураарын баса белгилейт. Фольклор – элдик оозеки чыгармачылыктын бай казынасы катары, коомдогу жүрүм-турумдун этикалык нормаларын калыптандырууда чечүүчү ролду ойнойт. Кылымдар бою жаралган жана муундан муунга оозеки түрдө өтүп келген элдик чыгармалар, адамдардын аң-сезимине таасир этип, алардын дүйнө таанымын, баалуулуктарын калыптандырат. Уламыштар, жомоктор, макал-лакаптар, эпостор аркылуу эл өзүнүн тарыхын, маданиятын, каада-салтын сактап, келечек муунга өткөрүп берет. Фольклордо жакшылык менен жамандыктын, адилеттик менен адилетсиздиктин ортосундагы күрөш ар дайым чагылдырылып, каармандардын үлгүсүндө адамдык бийик сапаттар даңазаланат. Элдик чыгармалардагы каармандардын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү аркылуу угуучу же окуучу жаштар жакшы менен жаманды айырмалап, туура чечим кабыл алууга үйрөнөт. Ыймандуулук, мекенчилдик, эмгекчилдик, жоомарттык, боорукердик сыяктуу адеп-ахлактык баалуулуктар элдик чыгармалардын негизин түзөт. Мындан тышкары, фольклордо үй-бүлөлүк баалуулуктарга, адамдардын ортосундагы мамилелерге, коомдогу өз ара жардамдашууга өзгөчө көңүл бурулат. Үй-бүлө – коомдун негизги институту катары даңазаланып, ата-энени сыйлоо, балдарды тарбиялоо, жубайлардын ортосундагы сүйүү жана ишеним сыяктуу маселелер көтөрүлөт. Коомдогу ынтымак, биримдик, кайрымдуулук сыяктуу сапаттар элдик чыгармаларда чагылдырылып, адамдарды бири-бирине жардам берүүгө, колдоо көрсөтүүгө үндөп ынтымакка чакырат.

Биографии авторов

  • А.Т. Саттарова, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети

    педагогика илимдериинин доктору, профессор

  • Г.С. Жумабаева, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети

    окутуучу

Библиографические ссылки

Абрамзон, С.М. (1990). Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Фрунзе. Кыргызстан.

Балакай, А.Г. (2007). Словарь русского речевого этикета: около 6000 этикетных слов и выражений (3-е изд., испр. и доп.). Москва. Астрель; АСТ; Хранитель.

Дуйсенова, А.З. (2007). Лингвокультурологические особенности речевого этикета казахского и узбекского языков (на материале формул обращения, приветствия и прощания) (Автореферат кандидатской диссертации). Алматы.

Субанов, К.Т. (2008). Эстетическое мышление в творчестве Женижока (Учебное пособие). Бишкек. ДАМУ.

Токтогул. (1989). Избранное (М.А. Рудов, Сост.). Фрунзе. Адабият.

Загрузки

Опубликован

2025-12-26

Выпуск

Раздел

Литератураведение

Как цитировать

Жүрүм-турумдардын этикалык нормалары – фольклордо. (2025). Qutty Bilik, 2(4). https://doi.org/10.71078/g3w15z44

Похожие статьи

11-20 из 21

Вы также можете начать расширеннвй поиск похожих статей для этой статьи.