Ааламдашуу шартында элдик рухий-дөөлөттөрдүн орду

Авторы

  • Н.Т. Коргонбекова М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети Автор
  • Н.Б. Апазбекова М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети Автор

DOI:

https://doi.org/10.71078/kv06ce82

Ключевые слова:

даанышман, билимдүү, олуя, тарбия, тажырыйба, божомол, иш жүзүндө, көрөгөч-көсөм, эбегейсиз, жат көрүнүштөр

Аннотация

Макалада кыргыз элинин арасынан чыккан даанышман, билимдүү, олуя, инсандардын тарбия тажырыйбаларынын таасирдүүлүгү жөнүндө каралат. Алар тарабынан айтылган божомолдордун иш жүзүндө далилденген далилдери бүгүнкү күнгө чейин жетип, адам баласына чанда гана берилүүчү көрөгөч-көсөмдүгү, акылмандыгы, кыраакылык таланты менен өзгөчөлөнгөн инсандарыбыз бар болуп, сөздөрүнүн таасирдүүлүгү менен жаш муундарды тарбиялап келишкендигине анализ берилди. ХХI кылымдагы ааламдашуу процессинин ылдамдыгы коомдогу жашоо-тиричиликтин бардык тармактарына таасирин тийгизип, инсандардын мамилелешүүсүн түп тамырынан өзгөрттү.  Ар бир элдин элдик рухий дөөлөттөрүнө болгон мамилелерди кайрадан карап чыгууга түрткү болду. Бүгүнкү күндө педагогика илиминин өбөлгөлөрүн калк даанышмандарынын, олуялардын айткан сөздөрүнөн, ойлогон ойлорунан издөөбүз абзел. Себеби эл арасынан чыккан көрөгөч инсандардын турмуштук тажырыйбалары, одоно көрүнүштөрдү түзөө үчүн болгон иш-аракеттери, олуялыгы, акылмандыгы, кеменгердиги нускалуу,мазмундуу сөздөр аркылуу келечек муундарынын тарбиясына оң таасирин тийгизип, улам өсүп келе жаткан жаш жеткинчектерди тарбиялап, азыркы мезгилде да актуалдуулугу сакталып келе жаткандыгы ошол даанышман, олуялардын кыргыз турмушунда алган тарыхый орду бар экенинен кабар берип турат. Ошондой эле, калк арасындагы даанышман, акылдуу, сөзгө чечен инсандардын омоктуу ойлорун, көз карашын, жетишкендиктерин, тарбия тажырыйбаларын, жаш муундарды тарбиялоодогу ролун, ордун ачып берүү учурдагы актуалдуу маселелерден болуп саналат.

Биографии авторов

  • Н.Т. Коргонбекова, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети

    улук окутуучу

  • Н.Б. Апазбекова, М.М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети

    окутуучу

Библиографические ссылки

Апышев, Б., Бабаев, Д., & Жоробеков, Т. (2002). Педагогика: Окуу китеби. Бишкек.

Асанов, Ү. (Баш. ред.). (2011). Жээренче чечен. Кыргызстан улуттук энциклопедиясы (Т. 3). Бишкек. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.

Жусупов, К., & Кылычев, Э. (Түз.). (1996). Аялзатка таазим. Бишкек.

Карасаев, Х. (1982). Накыл сөздөр: Тил казынасынан баян. Фрунзе. Кыргызстан.

Мусаева, В.И. (2013). Чечендик кептин өзгөчөлүктөрү жана анын окуп-тарбиялоочулук мааниси. КУУнун Жарчысы, 264. Бишкек.

Мусаева, В.И. (2014). Кыргыз тилин окутууда чечендик кепке үйрөтүүнүн илимий-методикалык негиздери (5–11-кл.) [Дисс. докт. пед. илимдери]. Бишкек.

Усупбеков, Ш. (Түз.). (1992). Кыргыз макал-лакаптары. Фрунзе. Кыргызстан.

Загрузки

Опубликован

2025-12-26

Выпуск

Раздел

Методика преподавания языка и литературы

Как цитировать

Ааламдашуу шартында элдик рухий-дөөлөттөрдүн орду. (2025). Qutty Bilik, 2(4). https://doi.org/10.71078/kv06ce82

Похожие статьи

1-10 из 32

Вы также можете начать расширеннвй поиск похожих статей для этой статьи.