Жүрүм-турумдардын этикалык нормалары – фольклордо
DOI:
https://doi.org/10.71078/g3w15z44Ключевые слова:
жүрүм-турум, этикалык нормалар, фольклор, тарбия, поэтика, макал-лакаптар, педагогикаАннотация
Аталган макалада жүрүм-турумдардын этикалык нормаларынын калыптануусундагы фольклордун ролу каралат, андан тышкары авторлор кыргыз жана орус коомунда адеп-ахлактык жана моралдык-этикалык нормаларды калыптандырууда өзгөчө орунда “Манас” сыяктуу баатырдык-эпикалык чыгармалар тураарын баса белгилейт. Фольклор – элдик оозеки чыгармачылыктын бай казынасы катары, коомдогу жүрүм-турумдун этикалык нормаларын калыптандырууда чечүүчү ролду ойнойт. Кылымдар бою жаралган жана муундан муунга оозеки түрдө өтүп келген элдик чыгармалар, адамдардын аң-сезимине таасир этип, алардын дүйнө таанымын, баалуулуктарын калыптандырат. Уламыштар, жомоктор, макал-лакаптар, эпостор аркылуу эл өзүнүн тарыхын, маданиятын, каада-салтын сактап, келечек муунга өткөрүп берет. Фольклордо жакшылык менен жамандыктын, адилеттик менен адилетсиздиктин ортосундагы күрөш ар дайым чагылдырылып, каармандардын үлгүсүндө адамдык бийик сапаттар даңазаланат. Элдик чыгармалардагы каармандардын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү аркылуу угуучу же окуучу жаштар жакшы менен жаманды айырмалап, туура чечим кабыл алууга үйрөнөт. Ыймандуулук, мекенчилдик, эмгекчилдик, жоомарттык, боорукердик сыяктуу адеп-ахлактык баалуулуктар элдик чыгармалардын негизин түзөт. Мындан тышкары, фольклордо үй-бүлөлүк баалуулуктарга, адамдардын ортосундагы мамилелерге, коомдогу өз ара жардамдашууга өзгөчө көңүл бурулат. Үй-бүлө – коомдун негизги институту катары даңазаланып, ата-энени сыйлоо, балдарды тарбиялоо, жубайлардын ортосундагы сүйүү жана ишеним сыяктуу маселелер көтөрүлөт. Коомдогу ынтымак, биримдик, кайрымдуулук сыяктуу сапаттар элдик чыгармаларда чагылдырылып, адамдарды бири-бирине жардам берүүгө, колдоо көрсөтүүгө үндөп ынтымакка чакырат.
Библиографические ссылки
Абрамзон, С.М. (1990). Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Фрунзе. Кыргызстан.
Балакай, А.Г. (2007). Словарь русского речевого этикета: около 6000 этикетных слов и выражений (3-е изд., испр. и доп.). Москва. Астрель; АСТ; Хранитель.
Дуйсенова, А.З. (2007). Лингвокультурологические особенности речевого этикета казахского и узбекского языков (на материале формул обращения, приветствия и прощания) (Автореферат кандидатской диссертации). Алматы.
Субанов, К.Т. (2008). Эстетическое мышление в творчестве Женижока (Учебное пособие). Бишкек. ДАМУ.
Токтогул. (1989). Избранное (М.А. Рудов, Сост.). Фрунзе. Адабият.
Загрузки
Опубликован
Выпуск
Раздел
Лицензия
Copyright (c) 2025 А.Т. Саттарова, Г.С. Жумабаева (Автор)

Это произведение доступно по лицензии Creative Commons «Attribution-NonCommercial» («Атрибуция — Некоммерческое использование») 4.0 Всемирная.